"Биз УКМКдан болобуз". Шектелүүчүнүн туугандары алдамчыларга $180 миң акча беришкен
RU

"Биз УКМКдан болобуз". Шектелүүчүнүн туугандары алдамчыларга $180 миң акча беришкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК: Атайын кызматтын жетекчилигинин артына жашынып, өзгөчө ири өлчөмдө каражат алган алдамчылар кармалды

2020-жылдын октябрынан бүгүнкү күнгө чейин УКМК тарабынан мамлекеттик органдарындагы коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоого, алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын кеңири комплекси жүргүзүлүп жатат.

Кылмыш ишин тергөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, УКМК жетекчилигинин атынан шектелип жаткан адамдын туугандарынан тергөө иштери жүрүп жаткан кылмыш ишин оң чечим чыгарып берүү үчүн 180 миң АКШ доллар өлчөмүндө акча каражатын опузалап алышкан.

Аталган факт КР УКМК башкы тергөө башкармалыгына КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш ишине катталды. 2021-жылдын 9-мартында жогорудагы кылмышка шектүүлөр кармалган жана 1972-ж.т. К.А. жана 1978-ж.т. М.К. УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кыргыз Республикасынын УКМКсы аталган адамдардын алдамчылык аракеттерине чалдыккан жарандар болсо, тиешелүү арыз менен же телефон аркылуу нөөмөт кызматынын 0312 66-04-75 номерине кайрылууну суранат. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/915