Ачкачылык жарыялаган активист Нурлан Асанбеков үй камагына чыкты
RU

Ачкачылык жарыялаган активист Нурлан Асанбеков үй камагына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ачкачылык жарыялаган активист Нурлан Асанбеков сот залынан бошотулду. Анын баш коргоо чарасын Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы бүгүн, 11-ноябрда өзгөртүп, үй камагына чыгарды.

Нурлан Асанбеков ачкачылык жарыялап, 21 килограмм салмак таштаганы, ден соолугу начарлаганы белгилүү болгон. Ал сот залына медицина кызматкерлеринин коштосунда жеткирилип, сотто ордунан туруп сүйлөгөнгө чамасы келген эмес.

Активисттин жактоочусу Алия Сагитова буга чейин Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитетке Асанбековдун эч кандай тиешеси жок экенин айткан. Ал болгону Равшан Жээнбековдун үйүндө оңдоп-түзөө иштерин жасаганын белгилеген.

Белгилесек, 23-октябрда опозиция саясатчылары, активисттер коомдук баш аламандыкты жаратууга шектелип кармалган. Андан бир күн мурун Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн.

27-октябрда кармалган активисттер соттун чечими менен эки айга СИЗОго киргизилген. Камакка алынгандар:

  • Акылбек Айтбаев.
  • Айданбек Акматов.
  • Нурлан Асанбаев.
  • Бектур Асанов.
  • Атай Бейшенбек.
  • Азимбек Бекназаров.
  • Эрлан Бекчороев.
  • Айбек Бусурманкулов.
  • Гулнара Журабаева.
  • Кеңешбек Дүйшебаев.
  • Равшан Жээнбеков.
  • Кубанычбек Кадыров.
  • Рита Карасартова.
  • Чынгыз Капаров.
  • Таалайбек Мадеминов.
  • Улукбек Маматаев.
  • Жеңиш Молдокматов.
  • Асия Сасыкбаева.
  • Клара Сооронкулова.
  • Перизат Суранова.
  • Али Шабдан
  • Марат Баязов.
  • Канат Исаев.

Талант Эшалиевге карата сот сырттан баш коргоо чарасын – үй камагын тандалган. Андан сырткары Мамбетжунус Абылов, экс-депутат Орозайым Нарматова менен жарандык активист Илгиз Шаменов Россияда кармалып, СИЗОго киргизилген.

Канат Исаевден башкасынын иши "массалык баш аламандык" беренеси боюнча каралууда. Исаевдин иши "жашыруун" деп белгиленген.

Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (57 статей)
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноябрь 2023, 09:17
Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
26 Октябрь 2023, 09:48
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын үчөө үй камагына чыкты
28 Август 2023, 13:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9243