Өлкөнүн башкы балатысы жандырылды
RU

Өлкөнүн башкы балатысы жандырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шаар тургундары менен биргеликте мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев, вице-мэрлер жана шаардык кызматтардын кызматкерлери балатыны жандырышты.

Белгилей кетсек, балатыны орнотуу жана жасалгалоо иштерин "Тазалык" жана "Бишкекжарык" муниципалдык ишканалары жүргүзүштү.

Бул жылы каражаттарды үнөмдөө үчүн эски жасалгалар колдонулду, көпчүлүгү былтыр цехте жасалган. .

25 метрлик балатыга узундугу 1,5 км светодиоддук гирлянд, 650 оюнчук жана 100дөн ашык улуттук стилдеги оюлар илинди. Ал эми балатынын каркасы төрт жылдан бери колдонулууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/92