Ош шаарында пакетте табылган наристенин сөөгү боюнча экспертиза чыкты
RU

Ош шаарында пакетте табылган наристенин сөөгү боюнча экспертиза чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаңы төрөлгөн баланын сөөгү Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде, балкондон табылган. Экспертиза - наристе жансыз төрөлгөн, деген кортунудуну чыгарды. Бул тууралуу Kaktus.media'га Ош шаарынын ИИБси маалымдады.

Белиглүү болгондой 20 жаштагы шектелүүчүнүн иши боюнча материалдары юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага жөнөтүлгөн. Андан кийин айыпталуучу аялга карата чаралар көрүлмөк.

Ошондой эле, аял милицияга көрсөтмө берип жатып, бир жыл мурун зордукталганын айтып берген, андан кийин боюнча бүтүп калган экен. Бирок бул окуяда кылмыштуулуктун курамы жок болгондуктан иш жабылган.

Эске салсак, 2020-жылдын ноябрь айында Ош шаарынын тургуну жакында эле сатып алган көп кабаттуу үйдөгү батирин жыйнап жатып пакетке оролгон наристенин сөөгүн таап алган. Баланын денеси ал жерде эки жумадан ашык жаткан экен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/93