Юстиция министрлиги юридикалык жактарды, филиалдарды каттоо жаатында окутууда
RU

Юстиция министрлиги юридикалык жактарды, филиалдарды каттоо жаатында окутууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо боюнча тажрыйба алмашуу, санариптештирүү жаатындагы жаңылыктар жөнүндө маалымдоо, юстициянын аймактык органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында, Юстиция министрлиги тарабынан 2021-жылдын 10-мартынан 19-мартына чейин окутуу жүргүзүлүүдө.

Окутуу учурунда "Чет өлкөлүк катышуу менен түзүлгөн юридикалык жактардын каттоо документтерин кароонун өзгөчөлүктөрү", "Юридикалык жактардын маалымат базасы" жана "Юридикалык жактарды электрондук каттоо" маалыматтык тутумдарын жүргүзүү", "Административдик даттанууларды кароонун өзгөчөлүктөрү, анын башка кайрылуулардан айырмасы", "Субъекттерди жоопко тартуу тартиби жана "БР" АМТ

жүргүзүү" темалары боюнча маалымат берилет, жана ошондой эле "Мамлекеттик кызматтардын электрондук порталы" менен тааныштыруу жүргүзүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/945