Президент куран окуу боюнча дүйнө биринчилигин алган Мухаммадали Умаровго белек берди
RU

Президент куран окуу боюнча дүйнө биринчилигин алган Мухаммадали Умаровго белек берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Куран окуу боюнча эл аралык сынактын жеңүүчүсү Мухаммадали Умаров президент Садыр Жапаров менен жолукту. Мамлекет башчы сынактын жеңүүчүсүн куттуктаганын президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мамлекет башчы мындай жетишкендик өлкөдөгү дин тутуу эркиндигинин көрсөткүчү жана мамлекеттин диний маселелерде туура саясат жүргүзүп жаткандыгынын натыйжасы экенин айтты.

Садыр Жапаров Мухаммадали Умаровдун устаты Марат Эркуловго шакиртинин эл аралык сынакта жеңишке жетишине зор салым кошкону жана татыктуу билим бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Мухаммадали Умаровго эң байыркы 400 жылдык тарыхы бар Курандын көчүрмөсүн тапшырды.

Белгилей кетсек, бүткүл дүйнөлүк куран окуу жана куран тафсири боюнча сынак 42-ирет өткөрүлдү. Ага Мухаммадали Умаров 3 ай даярданып, ыйык Куран китебинин 600 барагын жаттаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9476