Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын айрымдары 2023-жылга чейин камакта калтырылды
RU

Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын айрымдары 2023-жылга чейин камакта калтырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалгандардын айрымдарынын камактагы мөөнөтү 20-февралга чейин узартылат. Бул туурасында 9-декабрда жактоочу Канат Хасанов маалымат жыйында билдирген.

Ошол эле күнү (9-декабрь) Биринчи Май райондук сотунда Азимбек Бекназаров, Илгиз Шаменов жана Орозайым Нарматованын камактагы мөөнөтүн узартуу боюнча отурум болгон.

Ага ылайык, Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү 2023-жылдын 23-февралына чейин узартылган.

Орозайым Нарматова 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырылган.

Ал эми Илгиз Шаменов боюнча процесс жылдырылган эле. Бүгүн, 12-декабрда Биринчи Май райондук сотунда процесс улантылууда. Ага ылайык, Илгиз Шаменов 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырылды.

Андан тышкары активист Акыл Айтбаев, Чыңгыз Капаров жана үй камагына чыгарылган Нурлан Асанбеков дагы 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта болот.

Эске салсак, 23-октябрда опозиция саясатчылары, активисттер коомдук баш аламандыкты жаратууга шектелип кармалган. Андан бир күн мурун Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн.

27-октябрда кармалган активисттер соттун чечими менен эки айга СИЗОго киргизилген.

Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (57 статей)
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноябрь 2023, 09:17
Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
26 Октябрь 2023, 09:48
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын үчөө үй камагына чыкты
28 Август 2023, 13:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9561