"Дүйшөн Өзөнөвич, чыдаңыз". Сегизбаев Чоткараевдин камакка алынышы боюнча билдирүү жасады
RU

"Дүйшөн Өзөнөвич, чыдаңыз". Сегизбаев Чоткараевдин камакка алынышы боюнча билдирүү жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын экс-төрагасы, мурунку төраганын орун басары Дүйшөнбек Чоткараевдин тарапташы Абдиль Сегизбаев анын камакка алынышы боюнча билдирүү жасады.

Эске салсак, Чоткараев 27-ноябрда "салмагы 22кгдан жогору болгон алтындан жасалган зергер буюмдардын контрабандасы" иши боюнча камакка алынды. Анын мамлекеттке тийгизген кесепети 6 млн сомго бааланган. Ошол эле иш боюнча 8-декабрь күну дагы бир УКМКнын экс-жетекчиси Болот Суюмбаев кармалды.

"Бүгүн бизге маалымат түштү антикоррупция кызматы тарабынан Чоткараев Дүйшөн Өзөнөвич камалды деп. Мен түшүнүп турам, сөздүн төркүнү каякта. Мен түшүнүп турам, ким кандай саясий процесстерге кысым жасаганга аракет кылып атат. Мен түзмө-түз Чоткараевдин үстүнө башталган ишти шайлоо процессине байланыштырып турам", - деп 12-декабрь күнү жарыяланган видеобилдирүүсүндө Сегизбаев айткан.

Белгилей кетсек, Сегизбаев президенттикке аттангган 18 талапкерлердин бири.

"Себеби, акыркы учурда Чоткараев биздин штабка келип, өз ыктыяры менен жардам бергенге аракет кылган (Чоткараевди УКМКнын кызматкерлери Сегизбаевдин штабынан кармап кетишкен - Kaktus.media'нын эскертүүсү). Ошол аракет башталганда үч жыл мурун тынч жаткан, эч ким тийишпеген ишти башташып, мына шайлоо башталганы, ал кишини биринчи жолу суракка алып кетишти, анан экинчи жолу болсо СИЗОго алып барып камап салышты. "

Менин оюмча азыркы АКСти башкарып турган Жаныш Бакиевдин бөлтүрүктөрү ушундй ишти уланта берсе, бул жакшы менен бүтпөйт. Булар 2005-2010-жылы болгон ыкмаларын кайра кайталап жатышат. Бирди камайсыңар, экини камайсыңар, бирок бардыгын камай албайсыңар. Эртеби-кечпи, баягы 2010-жылы 7-апрелде болгон окуя кайра эле өзүңөрдүн башыңарга кайтып келет.

Мен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Дүйшөн Өзөнөвичтин тууган-туушкандарына, тааныш, коллегаларына, баарына кайрылат элем: колдон келишинче өзүбуздүн коллегабызга жардам берели. Моралдык колдоо кылалы. Эгерде, Дүйшөн Өзөнөвич кандайдыр бир жол менен ушу кайрылууна көрүп калса: Дүйшөн Өзөнөвич, чыдаңыз! Бул да заман өтөт. Бул учур да өтөт. Кудай буюрса, жакынкы арада, сиздин эмгегиңиз бааланат. Сиздин мекениңерге кылган эмгегиңер, атыңар кайра эле элдин арасында ак экени билинет. Күч кубат, белди бекем бууп чыдаңыз. Бул убакыт да өтөт. Биз өзбүздүн ишибизди уланта беребиз. Бир күрөшө беребиз. Эч ким бизге тоскоолдук боло албайт. Мындай нерсени башан далай өткозгөнбүз. Бул жолу да чыдап, кудай буюрса жеңишке жетебиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/95