Хирург Эрнст Акрамовдун бир тууганы Эркен Акрамов каза болду
RU

Хирург Эрнст Акрамовдун бир тууганы Эркен Акрамов каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгилүү хирург Эрнст Акрамовдун иниси Эркен Акрамов каза болду. Бул тууралуу Тамара Кожомуратова социалдык баракчасына жазды.

"Ал спорт дүйнөсүндө да белгилүү. Велоспорттун бир нече муунун тарбиялаган эмгек сиңирген машыктыруучу, насаатчы. Атактуу велосипедчи, Азия чемпиону жана жогорку деңгээлдеги чемпиондуктардын көптөгөн наамдарынын ээси Евгений Ваккердин машыктыруучусу. Эркен Хашимович Кыргызстандын спортун өнүктүрүүгө көп эмгегин жана жанын салды. Акыркы убакта Эркен Хашимович катуу ооруп жүргөн. Ал эми агасы өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүнө чейин жанында болду", – дейт Кожомуратова.

Эркен Акрамовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-декабрда өтөт.

Kaktus.kg редакциясы Эркен Акрамовдун дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9646