Бишкекте ыш тууралуу документалдуу тасма көрсөтүлөт
RU

Бишкекте ыш тууралуу документалдуу тасма көрсөтүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте ыш тууралуу документалдуу тасма көрсөтүлүп, режиссёрлор Искендер Алиев менен Бермет Бөрүбаева лекция окушат. Бул туурасында редакциябызга келген маалыматта айтылат.

Тасма "Бишкек: өлтүрүүчү шаар" деп аталып, 26-декабрда саат 19:00дө ololoErkindik`те (Эркиндик, 64б дарегинде жайгашкан) өтөт. Кирүү акысыз.

Тасманын продюсери "Эмми" киносыйлыгынын 8 жолку жеңүүчүсү Эндрю Ткач.

Ал эми лекция Бишкектеги абанын булганышы, анын себептери, ким күнөөлүү экенин аныктоо боюнча болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9680