Январдан баштап медициналык кызматтардын баасы жогорулайт
RU

Январдан баштап медициналык кызматтардын баасы жогорулайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылдын 1-январынан тарта медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары жогорулайт. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан маалымдашкандай, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда, жалпы дарыгерлик практика борборлорунда, жалпы ооруканалардын амбулатордук диагностикалык бөлүмдөрүндө, клиникалык диагностика бөлүмдөрүндө жаңы прейскурант күчүнө кирет.

Аталган фонддон кызмат көрсөтүүлөрдүн прейскуранты акыркы жолу 2015-жылы, башкача айтканда, 7 жыл мурун такталганын эске салды.

Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөө инфляцияны, реагенттерге, лабораториялык изилдөөлөр үчүн керектелүүчү материалдарга жана медициналык жабдууларга баанын өсүшүн эске алуу менен жүргүзүлгөн.

Баалардын прейскурантын түзүүдө лабораториялык диагностикалык изилдөөлөрдү (жалпы клиникалык, бактериологиялык, биохимиялык, иммунологиялык, ферменттик иммундук анализдер) жана радиографиялык, радиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү ыкмалары эске алынган.

Лабораториялык диагностикалык кызмат акысын кимдер төлөбөйт?

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда жана Милдеттүү камсыздандыруу фондунда камсыздандырылган жарандарга лабораториялык диагностикалык кызмат акысыз көрсөтүлөт. Ошондой эле Мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлгөн калктын артыкчылыктуу категориясына киргендер.

Калган жарандар көрсөтүлгөн медициналык кызматтын акысын прейскурант боюнча кассага төлөшөт.

Кантип камсыздандыруу керек?

Камсыздандыруу үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунан же Милдеттүү камсыздандыруу фондунун аймактык бөлүмдөрүнөн милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин сатып алуу зарыл.

Суроолор боюнча ММКнын ишеним телефонуна 113 (акысыз) чалсаңыз болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9744