Бишкектин 4 районунда жылынуучу жайлар ачылды. Даректери
RU

Бишкектин 4 районунда жылынуучу жайлар ачылды. Даректери

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык мэриясы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандар үчүн жылынуучу жайларды уюштурду.

Маалымдалгандай, Бишкектин 4 районуна 10 чатыр тигилип, кыштын ызгаарында жылынып алууга шарт түзүлдү.

Биринчи Май районундагы пункт:

  • Раззаков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Октябрь району боюнча:

  • 5-кичирайонундагы 1/1 үйүнүн жанында, Юнусалиев менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • 12-кичирайондо, Маданият үйүнүн жанында;
  • Тунгуч кичи районунда, Глобус супермаркетинин жанында.

Ленин району боюнча:

  • "Октябрь" кинотеатрынын жанында (батыш тарабы);
  • "Манас" кинотеатрынын жанында;
  • Ленин акимиатынын түштүк-батыш тарабы Чүй проспектиси №315 дареги боюнча.

Свердлов району боюнча:

  • Чыгыш-5 кичирайонундагы кичи арбат аялдамасында;
  • Бельская көчөсүндөгү "Красная строитель" конушунун паркында (№4 автобустун акыркы аялдамасы);
  • Ошондой эле Чыгыш автобекетинин ичинде жана ЖЭБде Дордой базарындагы "Азия" базарынын ичинде.

Бул пункттарда үйүнө барууда кеч калган шаардыктар, шаарга келген коноктор жылынып, ысык чай иче алышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9887