Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары жаңы кызматка барды
RU

Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары жаңы кызматка барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары Жаркынбек Касымбеков Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтунун директору болду. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институту - мурдагы "Профилактикалык медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмеси. Аталган бирикмеге "улуттук" статусу берилген.

Эске салсак, Касымбеков 2022-жылдын 4-июнунда министрдин орун басары болуп дайындалган. 4-июндан 23-августка чейин Саламаттыкты сактоо министринин милдетин убактылуу аткарган.

7-декабрда ээлеген кызматынан бошотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10006