Саламаттыкты сактоо министринин орун басары кызматынан бошотулду
RU

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары кызматынан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков ээлеген кызматынан бошотулду. Маалыматты ал өзү ырастап, чечим өткөн аптада кабыл алынганын айтты.

Касымбеков Kaktus.media`га билдиргендей, азырынча жеке иштери менен алек болот. Ал жетекчиликтин чечими менен макул экенин кошумчалады.

Касымбеков 2022-жылдын 4-июнунда министрдин орун басары болуп дайындалган. 4-июндан 23-августка чейин Саламаттыкты сактоо министринин милдетин убактылуу аткарган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9524