Ат-Башыда мыйзамсыз балык уулаган чет элдиктер кармалып, кечирим сурашты. Видео
15
Ат-Башы районунун Арпа жайлоосунда чет элдик жарандар ток менен балык уулап жатканы тууралуу видеодон кийин милиция текшерүү иштерин баштап, мыйзам бузгандарды аныктады.
Облустук милициядан кабарлашкандай, видеодогу чет өлкөлүк жарандардын өздүгү аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген. Алар автоунаасынын капталындагы жазууларды сыйрып, мамлекеттик номерин алып салышкан. Унаа айып короого киргизилди.
Учурда окуянын бардык жагдайлары такталып, мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлүүдө дешет милициядан.Ал эми Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору мыйзамсыз балык уулоо фактысы боюнча тиешелүү иш-чараларды өткөрүшкөнүн билдирди.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18230