"Ашказанын, өтүн алдырган экен". Нурлан Мотуевди бир тууганы эскерди
RU

"Ашказанын, өтүн алдырган экен". Нурлан Мотуевди бир тууганы эскерди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маркум Нурлан Мотуевди бир тууганы Нурдин Мотуев эскерип, соцтармактагы баракчасына билдирүү жазды. Ал агасынын акыркы жылдагы саламаттыгы тууралуу айтып, коркунучтуу диагноз коюлганын билдирди.

Нурдин Мотуев акыркы бир жылда дээрлик бир тууганынын жанында болуп, айдоочусу, күзөтчүсү болгонго аракет кылганын белгиледи.

"Диагнозу өтө коркунучтуу экенин дарылап жүргөн дарыгерлерден уктум. Өзү айтчу эмес. Ал турсун ашказанын операция кылдырып, толук алдырып салганын билбептирмин. Өтүн да операция жолу менен алдырган экен.

Кийин гана бир жолу Чаекке баратканыбызда өзү чечилип айтып берди. "Чёрныйлар" кол салганга чейин өзүмдү жакшы сезип келгем. Ошолор кол салганда гана ички органдарга зыян келиптир", деген. Бирок, кабагым-кашым дечү эмес", - деп эскерди.

Ошондой эле Нурлан Мотуев көзү тирүүсүндө "эки досту" (саясат тууралуу) жакшы көрүп, сыйлап, ишеним артып келгенин кошумчалады. "Соңку окуяларга, эки достун ортосундагы ажырымга акыр аягына чейин ишенген жок. Баары бир табышат, жарашат деп жүрүп өтүп кетти", - деген Нурдин Мотуев.

Белгилесек, Нурлан Мотуев 26-июнда каза болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18216