"Азаттык" сайтына коюлган бөгөт качан алынары айтылды
RU

"Азаттык" сайтына коюлган бөгөт качан алынары айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык" сайтынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу чечими дагы деле күчүндө. Бул туурасында аталган министрликтин маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Салкын Сарногоева билдирди.

Ал белгилегендей, сайттын бөгөттөлүшүнө себеп болгон материал өчүрүлмөйүнчө сайтка коюлган бөгөт алынбайт. Ошондой эле коюлган бөгөттүн мөөнөтү эч бир укуктук ченемдерде жазылбаганын жана материал өчүрүлсө чектөө алынарын кошумчалады.

Буга чейин "Азаттык медиа" мекемеси Маданият министрлигине кат жолдоп, анда сайттын ишмердүүлүгүн бөгөттөгөн чечимди токтотууну суранган. Ошондой эле Садыр Жапаровго, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиевге ачык кайрылуу жасашкан.

Эске салсак, 26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. Министрликтин билдирүүсүндө "маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес материалдарга байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү" айтылат.

Кийинчерээк "Азаттыктын" эсебине бөгөт коюлган. "Демир" банктын өкүлдөрү бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдирме алышканын айтышкан. Кийинчерээк "Азаттыктын" эсеби боюнча операциялар ТИК/ККЛК (террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү) мыйзамына ылайык токтотулганын расмий билдиришкен.

ЖМКларга болгон кысым (43 статьи)
Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин чыгарды
10 Февраль 2024, 10:42
Камакка алынган 11 журналисттин жакындары акыйкатчыга даттанышты
26 Январь 2024, 12:49
"Соттор да күн карама өңдүү". CИЗОдогу журналист Сайпидин Султаналиев кайрылуу жасады
23 Январь 2024, 15:30
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9727