Альянс Алтын Таласта IT адистерин даярдоо аракетинде
RU

Альянс Алтын Таласта IT адистерин даярдоо аракетинде

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас мамлекеттик универстетинин студенттерине эл аралык деңгээлдеги IT адиси болууга шарт түзүлдү. Мындай мүмкүнчүлүктү студенттерге облустагы Жерүй алтын кенин иштеткен "Альянс Алтын" компаниясы түзүп берүүдө. Компаниянын каржылык колдоосу менен Москва шаарынан "АЙФЭЛЛ Азия" компаниясынын адистери келип, шыгы бар студенттерди тандап, программалоо боюнча 2 айлык окутууну баштады.

IT боюнча окуу курсуна алгач технология боюнча билим бар 64 студент кабыл алган. Тандоо конкурстарынан иргелген соң 15 студент өттү. Эми алар чет элдик адистерден сабак алып, практикалык иштерди аткарышат. Кыска аралыкта тажрыйбалуу адис болууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

Студенттерди окутуп баштаган "АЙФЭЛЛ Азия" компаниясынын сапат боюнча директору Олег Гринин студенттерди окутуу үчүн атайын Москвадан Таласка келген. Анын айтымында эки айлык окуу оффлайн жана онлайн фарматта болуп, окуу кыйын жана оор болот. Бирок үйрөнүп алышса, өздөрүнө пайдалуу экенин жана тандалып алынган 15 студент тең курстун аягына чейин чыдап окуп бүтүшөт деп терең ишенет. Жыйынтыгында бүтүрүүчүлөргө сертификат берилет. Ал сертификатты колдонуп дүйнөнүн баардык булуң-бурчунда иштей алышат.

"Альянс Алтын" компаниясы тарабынан студенттер үчүн түзүлгөн мындай шартка КРнын Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов ыраазычылыгын билдирди. Ал өз сөзүндө IT-aдистигине кызыгууда жана ага даярдоодо республиканын борбор шаарында гана көңүл бурулуп келет деген ой бар экенин, эми Таласта башталган бул долбоор аркылуу республиканын баардык аймагындагы ЖОЖында IT-адистигине кызыккан жана шыктуу студенттердин бар экени көрүнө турганын белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10085