Башкы прокурор "Азаттыктын" иши боюнча комментарий берди
RU

Башкы прокурор "Азаттыктын" иши боюнча комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Башкы прокуратура "Азаттык Медиа" сайтын жабуу боюнча иштин катышуучусу эмес. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, Маданият министрлигинин жазган арызы боюнча азырынча эч кандай пикир айта албайт.

"Прокуратура бул иштин катышуучусу эмес. Биз катышаарыбыз менен жообубузду айтабыз", - деди Зулушев.

Белгилей кетсек, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин жалпыга маалымдоо каражаты катары ишин токтотуу өтүнүчү менен Ленин райондук сотуна кайрылган. Доо арызда министрлик кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал дале өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген.

Өз кезегинде "Азаттык" Маданият министрлигинин чечиминин мыйзамсыз деп табуу боюнча Бишкек административдик сотуна доо арыз менен кайрылган.

ЖМКларга болгон кысым (43 статьи)
Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин чыгарды
10 Февраль 2024, 10:42
Камакка алынган 11 журналисттин жакындары акыйкатчыга даттанышты
26 Январь 2024, 12:49
"Соттор да күн карама өңдүү". CИЗОдогу журналист Сайпидин Султаналиев кайрылуу жасады
23 Январь 2024, 15:30
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10135