Түркия менен Сириядагы жер титирөө. Каза болгондордун саны 9 миңден ашты
RU

Түркия менен Сириядагы жер титирөө. Каза болгондордун саны 9 миңден ашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн набыт болгондордун саны бүгүн, 8-февралга карата 9 миңден ашты.

Anadolu агенттигинин маалыматына ылайык, Түркияда каза болгондордун саны 7 108 адамга жетти, 40 910 адам жаракат алды.

Өлкөнүн табигый кырсыктарды жоюу башкармалыгынын (AFAD) маалыматына караганда, жер титирөөдөн 5 миң 775 имарат кыйраган.

Издөө, куткаруу иштерине 79 110 адис тартылды. Түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган Кырсык катталган аймактарга чыкты.

Акыркы маалыматтарга караганда, Сириянын Идлиб, Алеппо, Хама, Латакия жана Ракка провинцияларында 2500дөн ашуун адам каза болду.

Белгилей кетсек, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү жети баллдан ашкан эки жер титирөө болду (жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:17де – 7,7 балл жана 13:24тө – 7,6 балл).

Жер титирөө Сирия, Ливан, Түндүк Кипр, Грек Кипр жана Ирак сыяктуу коңшу өлкөлөрдө да сезилди.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10238