Кыргыз куткаруучулары Түркиядагы урандылардын алдынан 19 адамдын сөөгүн табышты. Видео
RU

Кыргыз куткаруучулары Түркиядагы урандылардын алдынан 19 адамдын сөөгүн табышты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга тартылган кыргыз куткаруучулары урандылардын алдынан 19 адамдын сөөгүн табышты. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргызстандан барган куткаруучулардын башчысы Ырысбек Жолдошбаев 2 кишинин денеси кинологдордун иттери аркылуу табылганын билдирди.

Кыргызстандык куткаруучулардын издөө-куткаруу иштери Кахраманмараш шаарындагы Он эки шубат районунда жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев абалды көзөмөлдөп, саат сайын байланышууда.

Издөө, куткаруу иштери түнү менен жүргүзүлдү.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10254