Түркияда жер титирөөдөн бир кыргыз жараны каза болгону айтылды. Элчиликтин маалыматы
RU

Түркияда жер титирөөдөн бир кыргыз жараны каза болгону айтылды. Элчиликтин маалыматы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркияда катталган жер титирөөдөн Кыргызстандын бир жараны каза тапканы айтылды. Бул туурасында "Азаттык" Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугуна шилтеме берип кабарлаган.

Андагы маалыматта, 37 жаштагы кыргызстандык аялдын сөөгү Хатай шаарында кыйраган үйдүн урандыларынын астынан табылганы айтылат. Маркум Түркияда карыяны багып, иштеп жүргөнүн консулдукка иш берүүчү үй-бүлө тастыктаган.

Ал эми Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине Хатай шаарында 1986-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны урандылардын астында калышы мүмкүн деген маалымат келип түшкөн. Мындай маалыматты Kaktus.media сайтына дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришти.

"Урандылар али тазлана элек, ошондуктан кыргыз жараны деп айта албайбыз. Ал тирүү табылат деп үмүт кылабыз", - дешти элчиликтен.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10275