Бишкектен Кытайдын ири шаарына жаңы каттам ачылды
RU

Бишкектен Кытайдын ири шаарына жаңы каттам ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектен Кытайдын Сиань шаарына жаңы авиакаттам ачылды. "Манас" эл аралык аэропортунан кабарлашкандай, жаңы каттам 11-февралдан тартып ишке кирди.

Маалымдалгандай, Кытайдын China Southern Airlines авиакомпаниясы Сиань-Бишкек-Сиань багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдарды ачты.

Аталган шаарга туруктуу учуулар биринчи жолу аткарылды. Каттамдар жумасына бир жолу – жекшемби күндөрү аткарылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10321