Каржы министрлиги бүгүнкүгө карата түрк элине канча сом чогулганын айтты
RU

Каржы министрлиги бүгүнкүгө карата түрк элине канча сом чогулганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түрк элине жардам көрсөтүү максатында ачылган атайын эсепке түшкөн каражат бүгүн, 14-февралга карата 14 миллион сомго чамалады. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, сомдон тышкары рубль түрүндө да каражат топтолду.

"Бүгүн, 14-февраль саат 10:00гө карата Түркия Республикасынын жарандары үчүн ачылган атайын эсеп 13 млн 962 603 сом жана 12 550 рубль менен толукталды", - дешет министрликтен.

Белгилесек, буга чейин Каржы министрлиги түрк элине кайрымдуу жарандардан 12 миллион сомдон ашык каражат топтолгонун кабарлаган. Бирок 13-февралда башка цифраны, тагыраагы, 4 млн 958 834,41 сом жана 12 550 миң рубль чогулганын айтышкан.

Сүрөт: Anadolu.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10326