УТРК талкууланып жаткан логотиби боюнча түшүндүрмө берди
RU

УТРК талкууланып жаткан логотиби боюнча түшүндүрмө берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (УТРК) логотибинин дизайнын жаңырткандан кийин плагиат деген сындарга кабылды. Корпорациядан логотип боюнча түшүндүрмө беришти.

Маалыматта Улуттук Биринчи каналдын логотибин иштеп чыгууда ар кыл пикирлер эске алынып, мааниси терең, өзөктүү ойду туюнта турган эскиздер чийилген деп айтылат. Топтолгон сунуштар, сүрөтчүлүк, этнография, тарых, фольклор, космология, сакралдуу геометрия, философияга тиешеси бар атуулдардын элегине салынган.

УТРКнын жаңы логотибинде "бирди" туюнткан элестин ичинде эки чоң түшүнүк жатат. Ошонун чечмелениши:

  • Биринчиден, Ала-Тоонун чокулары үч бурчтук формасында. Үч бурчтук формасы бийиктикти карай умтулуп турат. Биздин шырдак, туш кийиз, боз үйдүн керегесинде, курактарда, көп учурларда үч бурчтук кездешет. Кыргызда көз, сөздөн сактасын деп тагылган тумар дагы үч бурчтук формасында. Ак элечек энелерибиздин сөйкө, чачпак, чолпуларында үч бурчтук кездешет. Коломтодо коюлган тулга дагы үч бурчтук эмеспи. Атүгүл дүйнөлүк маданиятта дагы үч бурчтуктун мааниси өтө терең. Майда баратын санап отурса сан жетпейт. Күнү бүгүнкүгө чейин окумуштуулардын башын катырган, табышмагы катылган, дүйнөнүн жети кереметинин бири болгон, байыркы Египет пирамидалары дагы, байыркы цивилизация адашып же капыстан үч бурчтук кылып койбосо керек... Албетте, бул символдо чоң сыр бар экени анык нерсе. Азыркы кыргыз баласы ал үч бурчтуктун маанисин азыр айтып түшүндүрүп бере албаса дагы, байыркы бабаларыбыз оюларга оюп, шырдактарга шырып берип жатпайбы! Шырдактын баш-аягы бүтүндөй үч бурчтуктан туруп, ар бир кыргыздын үйүндө салынып турбайбы! Ар бир кыргыздын төрүндө илинген туш кийиздин ортосундагы толтосу үч бурчтук эмеспи. Көрсө, кыргыз баласы тарыхтын таш талкан кылган окуяларынан аман-эсен, түгөл, бүтүн чыкканынын бир себеби, өзүн, айлана тегерегин, эң негизги турагы болгон боз үйүн тумарлап келген турбайбы. Ошол эле учурда, айтылуу Пифагордун философиялык системасында гректин "Дельта" тамгасы, анын үч бурчтук болгондугуна байланыштуу, ааламдын жаралуусунун символу болуп эсептелинген. Бул үч бурчтуктун космологиясын, сакралдуулугун, түпкү маңызын айта берсек, том-том китептер жазылат. Аны биз окумуштууларга коелу.
  • Экинчи символу болгон өзөккө келели. Жашоонун башаты болгон эмбрион, түйүлдүк же өзөк, уюл бул – адамзат дүйнө таанымындагы түптүү, фундаменталдуу белгилердин бири. Жандуу жансыздын баары өзөктөн жаралып, өзөккө кайтат. Дүйнө өзү уюган, имерилип, чимирилген болмуш. Байыркы антикалык цивилизациянын өкүлдөрү, ушул уюл белгини жер планетасынын өзөгү катары кабылдаган. Байыртадан уюл белги аалам менен адамзаттын ар дайым өсүүсүн, өнүгүүсүн, анан баардык жандуу жансыздын тынымсыз кыймылда болорун белгилеген өтө терең символ. Кыргыз оймо-чиймелеринин басымдуу бөлүгүнүн өзөгүн так ушул уюл белги түзөт. Улуттук Биринчи канал дагы тынымсыз кыймылда болуп, улутка кызмат кылсын деп уюл белгиси коюлган. Дүйнөлүк маданиятта, анын ичинде байыркы кыргыз элинин маданиятында кездешкен, бул мааниси терең, өтө маңыздуу уюл белгиси, азыркы заманбап кабылдоого ылайыкташтырылып, бир аз стилдештирилди.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10346