Бишкекте №19 автобус каттамы ачылды. Схемасы
RU

Бишкекте №19 автобус каттамы ачылды. Схемасы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 20-февралдан баштап жаңы автобус каттамы түзүлдү. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, №19 автобус каттамга чыкты.

Маршрут Ак-Ордо конушунан Кустанайская көчөсүнө чейин жүрөт. Анын узундугу 36,6 чакырым, интервалы 10 мүнөттү түзөт.

Бул линияда 11 автобус бар дешет мэриядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10413