Сурабалдиева "Не сахарды" депутат менен байланышы бар деп билдирди. Кокулов эмне дейт?
RU

Сурабалдиева "Не сахарды" депутат менен байланышы бар деп билдирди. Кокулов эмне дейт?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 20-февралда, парламенттин тармактык комитетинде ишкердик субъектилерди текшерүүгө байланышкан мыйзам долбоору каралып жатканда депутат Эльвира Сурабалдиева "Не сахар" долбоорунун ишкерлерди текшерүүгө кандай укуктары бар экенине кызыкты. Айтымында, долбоордун парламенттин депутаты менен да байланышы бар.

"Камера менен жигиттер жеке компанияга учуп кирип жатышат. Социалдык тармактардан акыркы жолу көргөнүм: менеджер – жаш кыз – баарын мыйзам чегинде абдан туура талап кылып, коргоп чыкты. Бирок балдар камералар менен андан ары кирип кетишти. Анын үстүнө бул долбоордун депутатка түздөн-түз тиешеси бар. Ушундай кылганга уруксатпы? Бул поппулизм карапайым элге жага берет. Ишкердикти ким коргойт?",-деди Сурабалдиева.

"Не сахар" долбоорунун алып баруучусу Умар Даданов Kaktus.media cайтына

депутат менен долбоордун байланышы жок экенин билдирип, Эльвира Сурабалдиева айткан "поппулизм" - "патриотизм" деп белгиледи.

"Бул маселе боюнча Эльвира Сурабалдиева айткан "поппулизм" биздин команданын "патриотизми" жана биздин долбоор карапайым элдин ден соолугуна кам көрөт. Байланышы бар деп жаткан депутат Эрулан Кокулов долбоордо иштеп жатканда мен командасында болчумун. Ал эл өкүлү болуп кеткенден кийин долбоор менен байланышын үзгөн.

Эмнеге антип айтып жатат, түшүнбөйм. Биз айлык акысы жок элдин саламаттыгын ойлоп жүрөбүз, а Сурабалдиева кымбат жерлерде тамак жеп, башка одоно санитардык нормалар сактабай жаткан жайларды көрбөй жатса керек",- деди алып баруучу.

Ал эми "Не сахар" долбоорунун мурунку алып баруучусу, негиздөөчүсү, азыркы депутат Эрулан Кокулов өзүнүн Instagram баракчасынан түз эфирге чыгып, кесиптеши долбоорго жалаа жаап жатканын айтты.

"Депутат болгондон кийин "Не сахар" долбоорунан кеткем, ага эч кандай тиешем жок. Документтерин Юстиция министрлигинен текшерсеңер болот. Мындан тышкары долбоор коммерциялык эмес, социалдык. Эч кандай киреше алып келбейт. Башкача айтканда, бул элдик долбоор. Бир нерсе туура эмес жасалган болсо ага эл гана баасын бере алат. Акыркы убакта журналисттер да мен жөнүндө ар кандай сөздөрдү айтып жатышат. Ошол сөздөр менин кесиптештеримдин арасында жаман ойду пайда кылууда. Бул мага карата кандайдыр бир кысым десем болот", - деди Көкүлов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10424