Пикир: Тамекинин акциздик баасын көтөрүү. Саламаттыкты сактоо тармагына жардам берген жок
RU

Пикир: Тамекинин акциздик баасын көтөрүү. Саламаттыкты сактоо тармагына жардам берген жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дүйнөдө тамеки чегүүгө каршы күрөш кызуу жүрүп келет. Мындай аракет Кыргызстан да жасалып келет. Бирок өлкөдө тамеки чегүүгө каршы реалдуу күрөш жүрбөй жатканы көрүнүп калууда дейт Дамир Алиев.

Айтымында, учурда чылым үчүн жана чылымга каршы чыккандардын ортосунда күрөш жүрүп жатат.

Адатта, тамекиге салыктарды көбөйтүү жана катуу тыюу салуу тамеки чеккендердин санын азайтуунун, ошол эле убакта мамлекеттик кирешелерди көбөйтүүнүн тез жана натыйжалуу жолу деп эсептелинет. Бирок, иш жүзүндө кандай?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 2015-жылдагы баяндамасына ылайык, 2011-2014-жылдар аралыгында Кыргызстанда тамекинин акциздик баасы 4 эсе жогоруласа, салыктын түшүүсү 5 эсе өскөн. Бул чоң жетишкендик катары көрсөтүлүшү толук мүмкүн. Бирок акциздин баасынын жогорулашы тамекинин жеткиликтүүлүгүн азайткан жок. Бул маалыматтар баяндамада камтылган.

Демек, баанын кескин кымбатташы да, тыюу салуулар да тамеки чегүүгө каршы аракеттерге таасир эткен жок.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тамеки чеккендерге каршы катуу чаралар көрүлүп жатканы боюнча өз баяндамаларында айтып келет. Иш жүзүндө бул ыкма бардык эле жерде оң натыйжасын берди деп айтууга болбойт.

Ирландияда респиратордук оорулардын саны кыскарганы - чындык. Бирок 2006-жылдан 2009-жылга чейин өлкөдө тамеки чеккендердин саны 29 пайыздан 31 пайызга чейин өскөн. 2004-жылы Ирландияда пабдарда тамеки чегүүгө тыюу салгандыктан кирешелери 34% га кыскарган. Эгерде 2001-жылы ирландиялык пабдар 11 303 лицензия алган болсо, 2012-жылы бул көрсөткүч болгону 1 763тү түзгөн. Бул маселе боюнча Еврокомиссиянын баяндамасында мындай деп айтылган: "Тамекиге тыюу салуунун экономикалык таасири ресторан жана мейманкана сектору үчүн чектелүү болуп саналат". Кыргызстанда да кафе жана башка көңүл ачуучу жайларда тамеки чегүүгө тыюу салынган, бирок келтирилген чыгымдар тууралуу маалымат жок.

Түркия белгилүү бир учурга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тамеки саясатын жүргүзүүдөгү ийгиликтүү үлгүсү катары аталып жүрдү. 2012-жылдан 2018-жылга чейин чоңдор арасында тамеки чеккендер 27 пайыздан 31 пайызга чейин көбөйгөнүн эсептеп чыгышкан. Бул маселе боюнча Франциянын тажрыйбасын эстеп коюу да маанилүү. Ал жактагы жөнгө салуучу органдар 2012-жылдын декабрында бардык коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салуу ыкмасы толугу менен ийгиликсиз аяктаганын моюнга алышкан.

Ал эми Кыргызстанда абал кандай?

2020-жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун улуттук координатору, пульмонолог Алина Алтымышева Кыргызстанда чылым чеккендердин саны жыл сайын өсүп жатканын билдирген. Ал берген статистика боюнча, Кыргызстанда 70 жашка чейинки эмгекке жарамдуу эркектердин 48 пайызы тамеки чегет. Ага чейин 2 жыл мурда Алтымышева тамекиге акциздик салыкты көтөрүүнү сунуштаган. Бирок анда эң арзан тамекинин бир кутусу 42 сомду түзчү. 2020-жылы эки эсе өскөн, азыр баасы 101 сомго чейин көтөрүлдү.

Тамекинин кымбатташы Кыргызстанда чылым чегүү менен байланышкан оорулардан каза болгондордун көрсөткүчүнө (бул жылына дээрлик 6000 адам) эч кандай таасир бербейт. Муну менен саламаттыкты сактоо тармагынын жүгү азайган жок.

Ошол эле убакта Кыргызстанда тамеки чегүүнүн зыянын азайтуу үчүн белгилүү кадамдар жасалып келет. Мисалы, 2021-жылдын 6-октябрында Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү Альфия Самигуллина "Жугуштуу эмес оорулардын булактарынан зыянды азайтуу боюнча концепциялардын" долбоорун сунуштаган. Бул документтин тамеки тартууга байланыштуу бөлүмүндө мындай деп айтылат: "Технологиянын өнүгүшү менен никотинди организмге жеткирүүнүн бир катар жолдору бар. Жаңы альтернативдик никотин продуктылары, анын ичинде электрондук тамекилер жана жылытылган тамеки буюмдары тамекинин зыяны аз альтернативасы болушу мүмкүн. Анткени, аларда күйгүзүү процесси жок".

Тамеки жылытуу системаларынын зыяны аз болгондуктан чылымдын адекваттуу түрү катары таанылганы белгилүү. Логикага ылайык, аларга акциздик салыктар төмөн болушу керек. Бирок иш жүзүндө андай эмес.

Демек, салыктын жогорулашы мурда жылытылган тамекиге өткөн адамдарды кайра чылымга же "көмүскө экономика" сунуштаган контрабандалык, жасалма тамекилерди тартууга үндөйт. Анткени алар кыйла арзан.

"Кайсы гана ишкер болбосун, кирешени көбөйтүүнүн эки жолу бар экенин билет. Бул чыгашаны азайтуу же кирешени көбөйтүү", - дейт экономика илимдеринин кандидаты Ирина Михайлова. "Пайда бааны көтөрүү жолу менен же продукциянын ошол эле өздүк наркын өзгөртпөй туруп, өндүрүштү көбөйтүү жолу менен көбөйтүлөт. Бүгүн биз эмнени көрүп жатабыз? Дүйнөдө тамеки өндүрүшү азайып, тамеки чыгарган компаниялардын кирешеси азайбай эле, тескерисинче өсүп жатат. Бул эки фактордон улам болот: бир жагынан өндүрүштүн наркы төмөндөйт, экинчи жагынан тамекинин баасы кымбаттайт. Бирок үчүнчү фактор да болушу мүмкүн. Чыныгы тамекинин ордуна, ичи "эрзац-чылым" деп аталган никотинге чыланган кагаз менен толтурулат".

Эксперт эске салгандай, Кыргызстанда тамеки жылытуу системаларынын акциздери, чылымдардыкы сыяктуу эле даана менен эсептелет. Ал эми Россияда акциздер тамекинин салмагына жараша болот. Бул эсептөөдө дал ушул продуктылардын форма боюнча гана эмес, курамы боюнча да айырмалануучу ар кандай түрлөрү болору эске алынат. Ошондой эле баа саясатында кадимки тамекилер менен атаандашууга мүмкүнчүлүк берет жана керектөөчүнүн тандоосу болот.

Коомчулукта көптөн бери эле чарчоо, ал тургай тыюу салуу чараларынан кыжырдануу, ошондой эле баардык нерсеге баалардын өсүшү байкалууда. Анын үстүнө, элге тигил же бул чечим эмне себептен кабыл алынганын так түшүндүрүлбөйт. Эл жөнгө салуу аракеттерине таптакыр каршы эмес. Алар үчүн эң башкысы туура жасалган иш болушу керек. Башкача айтканда, белгилүү бир продукт адамдын ден соолугуна жана бүтүндөй коомго коркунуч туудурса, аны арзан жана коопсуз түрүнө алмаштыруу керек. Тамеки тартуунун зыяндуулугун азайтуу менен улуттун ден соолугун сактоого шарт түзүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10429