Майлуу-Сууда катуу суукта катталган авариядан 43 млн сомдон ашык зыян келтирилген
RU

Майлуу-Сууда катуу суукта катталган авариядан 43 млн сомдон ашык зыян келтирилген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Майлуу-Сууда катуу суукка байланыштуу 12-январда таза суу жана жылуулук берүү үзгүлтүккө учурап, аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында авариялык абалдан келтирилген чыгымдын суммасы айтылды.

Каржы министринин биринчи орун басары Жибек Дүйшеева белгилегендей, келтирилген чыгымдар алдын ала жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык, 43 млн 815 миң сомду түзгөн. Ошондой эле көрсөтүлгөн чыгымдардын оордун ордун толтуруу боюнча Каржы министрлигине тиешелүү протоколдук тапшырма келген.

"Майлуу-Суу шаарынын тургундарын жылуулук менен камсыз кылууга жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттин эсебинен максаттуу трансферт катары 20 млн сом акча каражаты бөлүнгөн", - деди Дүйшеева.

Бүгүнкү күндө Майлуу-Суу шаарында түзүлгөн өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштери улантылып жаткандыгын жергиликтүү бийликтен маалымдашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10434