Түркияда кайра кайталанган жер титирөөдөн жабыр тарткандар көбөйүүдө
RU

Түркияда кайра кайталанган жер титирөөдөн жабыр тарткандар көбөйүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркия менен Сирияда кайра кайталанган жердин силкинүүсүнөн дээрлик 500дөн ашуун адам жабыркады. Түркиянын Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа экинчи жер титирөөдө алты киши каза болуп, 562 киши жаракат алганын билдирди.

Анын айтымында 18 адам оор жаракат менен Адана жана Дөртйол ооруканаларына жеткирилген.

Ал эми 6-февралда болгон жер титирөөлөрдөн каза болгондордун саны Түркияда 42 миң 310го жеткенин Түркиянын апааттарды алдын алуу жана кесепеттерге каршы күрөшүү башкармалыгы (AFAD) билдирди. Бул сан дагы да өсүшү күтүлүүдө: 385 000 батир кыйрап, андан тышкары көптөгөн имараттар олуттуу зыянга учураган. Дайыны табыла элек адамдар да миңдеп саналат.

Табигый кырсыктан жабыркагандардын жалпы саны Сирияны кошкондо азыр 45 531ге жетти.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10435