Ошто адвокаттар отурган имарат урап түшкөн. ӨКМдан түшүндүрмө беришти
RU

Ошто адвокаттар отурган имарат урап түшкөн. ӨКМдан түшүндүрмө беришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакка Ош шаарында адвокаттар коллегиясынын имараты жер титирөөдөн улам урады деген билдирүү менен кошо сүрөтү жарыяланды. Аталган билдирүү боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Kaktus.kg сайтына маалымат беришти.

Белгилүү болгондой, 23-февралда Ош шаарынын Заднепровск көчөсүндө жайгашкан облустук адвокаттар коллегиясынын имараты кулаган. Дубалдын кулап калуу себептерин изилдөө максатында Жарандык коргонуу комиссиясы түзүлүп, эскилиги жеткен имараттын айланасында жаан-чачын суулары кетүүчү ирригациялык арыгы жана пайдубалдын айланасына төшөлгөн бетондун жоктугунан, аталган имаратка суулар сиңип, ашыкча нымдуулуктан дубал кулап түшкөнү такталган.

"Жарандык коргонуу комиссиясы 1960-жылы курулган имарат жер титрөөдөн эмес, эскилиги жеткен курулуш материалдары ашыкча нымдуулуктан туруктуулугун жоготуп кулагандыгын иликтеп, акт түзүшкөн", - дешет ӨКМдан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10568