Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту
RU

Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту. Жолугушуу Кулубаевдин Астанадагы "Борбор Азия+АКШ" иш-чарасына катышуусунун алкагында өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар эки тараптуу күн тартибиндеги маселелерди, кызматташуунун келечектүү багыттарын жана 2023-жылга карата өз ара аракеттенүүнүн биргелешкен пландарын талкуулашты.

Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо мүмкүнчүлүгүн өз-өзүнчө белгилешти. Кулубаев Кыргызстан жаңы технологиялары жана заманбап өндүрүшү бар америкалык компанияларды жашыл экономика, энергетика, санариптештирүү жана башка эки тарапты кызыктырган тармактарга тартууга кызыктар экенин билдирди.

Алар Борбордук Азияда аймактык стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен ишти улантуу ниетин өзгөчө баса белгилешти. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Сириядан кыргызстандыктарды мекенине кайтарууга көрсөткөн жардамы үчүн америка тарапка ыраазычылык билдирип, бул процесс жакынкы аралыкта аяктарына ишенимин билдирди. Америка тарап кыргыз тараптын регионалдык туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоонун фактору катары мамлекеттер аралык чек ара маселелерин чечүү аракетин кубаттады.

Жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын жарандарына виза берүүнү жеңилдетүү жана оптималдаштыруу маселелерин талкуулашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10569