"Яндекс GO`нун" Токмокто ачылышы тууралуу таксисттердин пикирлери
RU

"Яндекс GO`нун" Токмокто ачылышы тууралуу таксисттердин пикирлери

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токмок шаардык кеңешинин депутаты Чолпон Сыдыкова "Яндекс таксинин" өнөктөшүнө байланыштуу чыр-чатак тууралуу айтып чыккан. Токмок шаарында аталган такси кызматынын ачылышы күтүлүүдө. Бирок бири нече күн мурда Сыдыкованын айтымында, такси кызматынын кеңсесине бир нече адам келип, кызматкерди коркутушкан. Арасынан такси бизнесинин ээлери болгон эки депутатты тааныганын Сыдыкова айткан. Алардын айтымында, айдоочулар жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген жаңы компаниянын пайда болушуна нааразы болуп, ал тургай митингге чыгууга даяр имиш.

Таксисттер өздөрү эмне дешет? 

42 жаштагы такси айдоочусу Бакыт Орозбеков ар кандай коркутуп-үркүтүүлөргө карабай, Токмок шаарында бул кызмат ачылат деген үмүттө. 

"Эмне үчүн жаңы нерсе пайда болсо ага кысым көрсөтүп, коркутуу керек", - дейт Токмок шаарынын тургуну. - Жергиликтүү такси кызматтары жүргүнчүлөрдү ташуунун жол-жобосун өз ара бөлүштүрүп алышкан. Анда эмне үчүн "Яндекс" иштей албайт? Биз мындай кызматтын ишке киришин колдойбуз. Өнүгүп, айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү керек". 

Бакыт эмеректерди буйрутма менен жасап, акча табат. Жумуш жок кезде такси кызматында иштейт.  

"Албетте, мен "Яндекс Такси" тиркемеси аркылуу буйрутмаларды кабыл алам. Бул технологиялык жактан өтө ыңгайлуу. Бизде таксиге болгон суроо-талап жогору. Жергиликтүү тургундар үйүнөн чыгып базарга, жумушка жана кафеге барышат. Ошондуктан, эми айдоочуларга акча табууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт деп ойлойм", - дейт ал. 

Актан Үсөнбаев такси кызматынан тышкары, унааларды бренддөө, пленканы демонтаждоо менен алектенет. Ошондуктан ал ошол күнү такси компаниясынын кеңсесине барып, ортодо чыккан чыр-чатакка күбө болгон. "Такси кызматынын жетекчиси РИИБге чакырылып, ал арыз жазган. Учурда юристтер менен консультациялар жүрүп жатат. Бул иш УКМКнын көзөмөлүндө. Чыр-чатак толук чечилет деп ишенебиз", - деп белгилейт Актан. - Токмоктуктар такси кызматынын кеңсесине барышып, аларды колдой турганын айтышат.  

Ал белгилегендей, көптөгөн жергиликтүү айдоочулар Токмокто жашашат жана Бишкекке такси менен акча табууга барышат. Алар үчүн бул жерде мындай кызматтын ачылышы өтө ыңгайлуу. 

"Алар кантип каршы же нааразы болушу мүмкүн түшүнбөй турам. Эгерде бул кызматты мурда эч качан колдонбогон болсоңуз, аны жактырбайм деп кантип айта аласыз? Жаңы кызматка жүргүнчүлөр да ыраазы болуп жатышат. Анткени, кээде жергиликтүү такси кызматы менен байланышуу мүмкүн эмес. Ошондуктан, Бишкек, Ош, Каракол жана Жалал-Абад шаарларынын артынан "Яндекс" тиркемесинин пайда болушу бизди кубандырууда", - деп сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10607