Ильяс Давыдовдун сөөгү жерге берилди
RU

Ильяс Давыдовдун сөөгү жерге берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген энергетиги Ильяс Давыдов бүгүн, 5-мартта акыркы сапарга узатылды.

Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде өттү.

Ильяс Давыдов энергетика тармагында 55 жылдан ашык эмгектенген. III даражадагы "Манас" орденинин ээси, КРдин Өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер, "КМШнын эмгек сиңирген энергетики", "Бириккен союзунун эмгек сиңирген ишмери" жана башка көптөгөн ардактуу наамдардын ээси.

Белгилей кетсек, Давыдов 4-мартта 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10676