Өткөн аптанын дүйнө жаңылыктары
RU

Өткөн аптанын дүйнө жаңылыктары

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media редакциясы өткөн аптада дүйнөдөгү эң маанилүү окуялар тууралуу айтып берет.

Европада

  • Евробиримдик Беларуска каршы санкцияларын дагы бир жылга узартты. Ал оппозициячыларды репрессия кылганы жана Россиянын аскерий чабуулун колдогону үчүн.
  • Түркиядагы жер титирөөлөрдү алдын ала айткан Голландиядан келген сейсмолог Фрэнк Хоугербитс бир катар өлкөлөрдө жаңы күчтүү жер титирөөлөр болоорун айтты.

Россияда

  • Россиянын бир нече аймактары учкучсуз учактардын чабуулуна кабылды. Андан соң Кремль "украиналык диверсанттардын аймакка кирип келгенин жана бир унаага ок атылганын" тууралуу маалымат таратты. Чек арадан өтүү үчүн жоопкерчилигин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн курамында согушуп жаткан "Россия ыктыярдуу корпусу" өзүнө алган. Зеленскийдин кеңсеси Украинанын бул окуяга эч кандай тиешеси жок экенин айтып, бул "орусиялык партизандардын" аракети деп божомолдоду.
  • Sputnik V вакцинасынын жаратуучуларынын бири Андрей Ботиков Москвада өлтүрүлдү.

АКШда

  • АКШ Россия менен Беларуска баасы 750 доллардан ашкан жабдууларды экспорттоого тыюу салды.
  • Америка Кошмо Штаттарынын Соода, Каржы жана Юстиция министрлиги чоогу билдирүү жасап, анда Россияга санкцияларды айланып өтүүгө жардам берген компанияларды "жоопкерчиликке тартуу" ниетин билдиришти.
  • АКШнын 80 жаштагы президенти Жо Байдендин көкүрөгүндөгү шишигин алуу үчүн операция жасалды.
  • 3-4-мартта АКШнын башкы прокурору Меррик Гарланд Украинанын Башкы прокуратурасынын чакыруусу менен Львовго күтүүсүз сапар менен барды.

Борбор Азияда

  • 28-февралда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен жолугушуу үчүн Астанага келди. Иш чара Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана АКШнын катышуусунда – "БА+АКШ" алкагында өттү.
  • 1-мартта Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы эпицентрде күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду.
  • 3-мартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Шымкентте бейформал жолугушуу өткөрдү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10685