Жер амнистиясын татаалдаштырууда деген нааразычылыктан улам токтомдун бир пункту алынды
RU

Жер амнистиясын татаалдаштырууда деген нааразычылыктан улам токтомдун бир пункту алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинетинин "Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунан 27-пункт алынды. Тиешелүү токтомду Министрлер кабинети кабыл алганын президенттин маалымат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Белгилесек, жер трансформациясына байланыштуу Ак-Ордо конушунда үй түрттүрүлүп, бир үй-бүлө көчөдө калган. Бул окуядан кийин Садыр Жапаров Ак-Ордо жаңы конушуна күтүүсүз барган. Жергиликтүү тургундар менен болгон сүйлөшүүдө Министрлер кабинетинин аталган токтомунун 27-пункту жер амнистиясын толук ишке ашырууну бир топ татаалдаштырып жатканы белгилүү болгон.

Президент бул маселени тез арада чечип, башка аймактарда да жер амнистиясынын аткарылышын текшерүүнү, жергиликтүү бийлик башчыларына мындан ары жарандар тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууларына жол бербөө тапшырмасын койду.

6-мартта Садыр Жапаров жумушчу кеңешме өткөрүп, жер мунапысын ишке ашыруу боюнча канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн жана Сокулук районунун акимин кызматтан алуу чечимин кабыл алды.

Орунбеков кошумчалагандай, президенттин тапшырмасын аткарууну кечеңдеткен жетекчилерге тиешелүү чаралар көрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10731