Жардан кулап түшкөн кыздын өлүмүнөн кийин атракциондун ээси көпүрөнү алдыртты
RU

Жардан кулап түшкөн кыздын өлүмүнөн кийин атракциондун ээси көпүрөнү алдыртты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Суу районунун Төлөйкан айылындагы жардын үстүндөгү атракцион демонтаждалды. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Азамат Кубатбек уулу өзүнүн Facebook баракчасына жазган.

"Биз болуп өткөн окуя боюнча жергиликтүү РИИБнин жетекчисиси жана Төлөйкан айылынын айыл башчысы менен жолугуп, милицияга арыз жаздык. Бир күндүн ичинде атракциондун ээси менен байланыштык. Жолугушуу учурунда ал атракционду демонтаждоо үчүн атайын адистерди алып келе турганын айтты", - деп Азамат Кубатбек уулу жазган.

Ал курулуштун алынып салуу учурун видеого тартып, жарыялады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1076