"Кадастр" мекемесинин кызматкерлери жасалма документтерди жасашкан деп шектелүүдө
RU

"Кадастр" мекемесинин кызматкерлери жасалма документтерди жасашкан деп шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Документтерди жасалмалоо жана жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары боюнча иликтөө иштеринин алкагында "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Сокулук районундагы бөлүмүнүн кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын директорунун орун басары А.К.Ч, аталган филиалдын каттоо бөлүмүнүн кызматкери Т.у.Р., ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Э.М.А жана А.К.Алар кармалган.

Тергөөнүн жүрүшү боюнча, кармалган аткаминерлер кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, жасалма документтерди жасап, ошонун жардамы менен Сокулук районунун аймагындагы жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүшкөн.

Кармалгандардын бардыгы УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул кылмыштарга Сокулук районунун башка кызмат адамдарынын жана кылмышкерлердин өкүлдөрүнүн катыштыгы бар экендиги текшерилип жатат. Жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10777