Жалал-Абадда текстилдик ишкана ачылат
RU

Жалал-Абадда текстилдик ишкана ачылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда текстилдик ишкана ачылат. Ага керектелүүчү инвестициянын көлөмү 16 миллион долларды түзөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин 2023-жылдын башындагы макулдашуусунун негизинде кабыл алынган.

Өзбекстанга иш сапары менен барган Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, делегациясынын мүчөлөрү Art Soft Holdings жана Fazman Textile компанияларынын текстиль ишканасынын иши менен таанышкан.

Акылбек Жапаров жеңил өнөр жай ишканалары чыгарган продукцияны эл аралык сертификациядан өткөрүү керектигин айтты.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын аягында ачылган Fazman Textile текстиль фабрикасы жылына 1 миллион даана кийимин чыгарып, 15 миллион долларлык товар экспорттойт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10783