Англияда кайра иштетилген пластиктен асфальт жасап жатышат
RU

Англияда кайра иштетилген пластиктен асфальт жасап жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Пластиктен жасалган жол биз көнгөн асфальттан 10 эсе бышык жана бир топ арзан. Таштандылар жолдорду бекем жана бышык кыла алат деп билдирди pabliko.ru

Британдык технологдор асфальт аралашмасына кошумча катары кайра иштетилген пластикти колдонууну сунушташты. Патент Шотландиянын Карлайл шаарынан келген стартап МакРебурга таандык.

Мындай долбоордун өзөгүндө үч дүйнөлүк көйгөйдү чечүү турат: жолдун катмарынын сапаты жогорулайт; таштанды талаасына бара турган тонна пластик кайра иштетилет; жолдорду курууга жана ремонттоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү кыскартылат.

"MaкРебур стартапы 100% кайра иштетилген пластикти MR6 деп аталган кичинекей гранулдарга айлантат. Адатта жолдор болжолдуу катыштан турат: 90% таш, кум, акиташ жана 10% битум. Пластик башка таштандылардан айырмаланып, 100% кайра иштетүүгө болот",-деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10843