Израилде сот реформасына каршы митингге жарым миллионго жакын киши чыкты
RU

Израилде сот реформасына каршы митингге жарым миллионго жакын киши чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Израилде сот реформасына каршы массалык нааразылык акциялары өттү, деп жазат Times of Israel.

Демонстрацияларды уюштуруучулардын айтымында, укуктук реформага нааразы болгондордун саны жарым миллионго жакын адамды түздү. Тель-Авивде нааразылык акциясына 250 миңдей адам чыкканы да белгиленген.

5-мартта Израилде сот реформасына каршы нааразылык акциясына 400 миңдей адам катышканы кабарланган.

Тартип сакчылары митингге чыккандарды суу чачып тараткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10846