Мүлктү жок кылууга шектүү кармалды. Ал кайын журтунун үйүнө өрт койгон
RU

Мүлктү жок кылууга шектүү кармалды. Ал кайын журтунун үйүнө өрт койгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Башка бирөөнүн мүлкүн өрттөп, жок кылууга шектелген жаран кармалды. Ал жабырлануучу тараптын жакыны дешет ИИМдин маалымат кызматынан.

Окуя февраль айынын аягында болгон. Анда Таластагы айылдардын биринин жашоочусу ички иштер органдарына кайрылып, үйүндө өрт чыкканын, зыянга учураганын айткан.

Үйдүн кожоюндары өрт чыккан учурда үйүндө болгон эмес. Кошуналары өрттү өчүрүүгө жардам беришкен.

Милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн иш-чараларынын натыйжасында үйдү жабырлануучу тараптын жакыны өрттөгөнү аныкталган.

Топтолгон материалдын негизинде Талас РИИБи тарабынан 216-берененин (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1994-жылы туулган Э.А. кармалды. Ал Ысык-Көл районунда жашайт, 17 жолу ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Болжолдуу маалыматка ылайык, шектүү жубайы менен урушуп кеткен. Ал келинчеги туугандарына барышы мүмкүн деп Таласка барган. Жогорудагы кылмыш ишине шектүүнүн тиешеси бардыгы боюнча далилдер бар. Кармалган жаран Талас РИИБге тергөө амалдары жүргүзүү үчүн жеткирилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10889