Жаныбек Абиров: жоопкерчилик тартууга даярмын. Депутат жабырлануучудан кечирим сурады
RU

Жаныбек Абиров: жоопкерчилик тартууга даярмын. Депутат жабырлануучудан кечирим сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Жаныбек Абиров "Ыкчам чара көрүү тобунун" кызматкеринен (жабырлануучулан) жана анын үй-бүлөсүнөн кечирим сурады.

Эл өкүлү бул жагдай үчүн жоопкерчиликти тартууга даяр экенин билдирди.

"Мен депутат катары кандай жагдай болбосун эмоцияга алдырбашым керек эле. Ооба, мен ката кетирдим, бул менин күнөөм. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн баарын кылууга даярмын. Аргенден (жабырлануучудан), анын үй-бүлөсүнөн жана жакындарынан кечирим сурайм. Керектүү колдоо көрсөтүүгө даярмын. Ошондой эле Кыргызстандын элинен жана шайлоочуларымдан кечирим сурайм", - деп жазган ал.

Жекшембиге караган түнү Абиров Жеке күзөт кызматынын кызматкерин сабап салган.

Жабырлануучу жабык баш мээ жаракаты менен Улуттук госпиталга жаткырылган. Бул окуяга президент Садыр Жапаров реакция жасап, 13-мартта окуяга тиешеси бар эки шектүу милиция тарабынан кармалган.

Жаныбек Абиров катышкан мушташ (20 статей)
Жаныбек Абиров БШКнын чечими боюнча комментарий берди
3 Август 2023, 18:00
"Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирбейин дедим". Жаныбек Абиров парламентте сөз сүйлөдү
5 Апрель 2023, 12:11
Жаныбек Абиров муштумун тийгизген жигиттен кечирим сурап, тараптар элдешти. Видео
28 Март 2023, 12:27
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10907