Молдованын мамлекеттик тили өзгөртүлдү
RU

Молдованын мамлекеттик тили өзгөртүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Молдованын президенти Майя Санду шаршемби күнү, 22-мартта өлкөнүн Конституциясында мамлекеттик тилин румын тилине өзгөртүү тууралуу жарлыкка кол койду, деп билдирет DW.

Конституцияда, бардык мыйзамдарда жана мыйзам алдындагы актыларда формулировкалар алмаштырылат. Буга чейин аталган чечимди Молдова парламенти бекиткен.

Санду өзүнүн Facebook баракчасында молдовандар "дүйнө жүзү боюнча 27 миллиондон ашык адам менен бирге Евробиримдиктин расмий тилдеринин бири болгон румын тилинде сүйлөшөт" деп жазган.

"Биз, Молдова Республикасынын жарандары, румын тилинде эмес, "молдаван" тилинде сүйлөшөбүз деп ондогон жылдар бою айтып келгендер бир гана максатты көздөшкөн: бизди бөлүп-жаруу", - деп баса белгиледи Молдованын президенти.

Молдован тили өзүнчө тилби же румын тили башка тилби деген талаш өлкөдө эгемендүүлүк алгандан бери басаңдай элек. 2013-жылы Молдованын Конституциялык соту румын тилин өлкөнүн мамлекеттик тили деп тааныган. Ал милдеттүү болгон, бирок аткарылган эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11077