Түндүк Европа өлкөлөрү аскердик-аба күчтөрүн бириктирип жатат
RU

Түндүк Европа өлкөлөрү аскердик-аба күчтөрүн бириктирип жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Финляндия, Дания, Швеция жана Норвегия өлкөлөрү бириккен аскердик-аба күчтөрүн түзүү макулдашуусуна кол коюшту.

Алар эми 250 кыргын салуучу учактарды, абадан коргонуу жана чалгын системаларын чогуу иштетишет. Бул тууралуу Даниянын Аскердик-аба күчтөрүнүн командири Ян Дам Reuters агенттигине билдирди.

Анда бул чечим Россиянын Украинадагы согушунун фонунда кабыл алынганы айтылат.

"Түндүк Европа өлкөлөрү Россия тараптан болчу ыктымал коркунучка чогуу каршы турушат. Макулдашууга Германиянын Рамштайн аскердик базасында кол коюлду. Ага НАТОнун Аскердик-аба күчтөрүнүн командири, генерал Жеймс Хекер да катышты", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11128