Кубанычбек Айбек уулу дзюдо боюнча чоң шлемдер мелдешинде алтын жеңди
RU

Кубанычбек Айбек уулу дзюдо боюнча чоң шлемдер мелдешинде алтын жеңди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Спортчу Кубанычбек Айбек уулу Грузияда өтүп жаткан дзюдо боюнча Tbilisi Grand Slam мелдешинде алтын байге утту. Ал чоң шлемдер мелдешин жеңген алгачкы кыргызстандык дзюдочу болду.

Кубанычбек Айбек уулу 24-мартта 66 килограммга чейинки салмакта татамиге чыккан. Дзюдочу мелдешти 1/16 финалдан баштап, беш беттеш өткөрдү.

Алтын байге үчүн беттеште кыргызстандык спортчу монголиялык дзюдочу Басхуу Йондонперенлейди мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11129