Аалымдар кеңешине коркутуулар айтылып, муфтийди шайлоо күнү май айына жылды
RU

Аалымдар кеңешине коркутуулар айтылып, муфтийди шайлоо күнү май айына жылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын жетекчисин шайлоо 29-майга жылдырылды. Бул тууралуу Кыргызстандын аалымдар кеңеши кабарлады.

Кеңеш бул чечимин муфтийге талапкерлердин тыюу салынган уюмдарга тиешелүүлүгүн дыкат текшерип чыгуу керек, деп түшүндүрдү. Андан мурун белгисиз адамдар аттестациялык комиссияга кысым көрсөтүп жатат, деген маалымат жайылган болчу.

"Курултайды үзгүлтүккө учурутабыз, деген коркутуп-үркүтүүлөр болгондуктан, аны жылдырууга туура келди. Андан тышкары, айрымдар диний жана регион аралык касташууну тутандыруу аракетин көрүшкөн. Ошондой эле, комиссиянын төрагасына да телефон чалып, коркутушкан. Бул көрүнүштөрдүн бардыгы шайлоону өз кезегинде өткөрүүгө тоскоол болду. Биз сөзсүз укук коргоочу органдарга кайрылабыз", - деп Кыргызстандын аалымдар кеңешинен билдиришти.

Эске салсак, муфтий шайлана турган мусулмандардын курултайы 5-апрелде өтмөк. Бирок ал күнгө аз калганда, Кыргызстандын аалымдар кеңеши аларга карата болгон коркутуп-үркүтүүлөр тууралуу маалымдашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1113