АКШнын торнадодон жабыркаган аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди
RU

АКШнын торнадодон жабыркаган аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШнын торнадодон жабыркаган аймактарында аман калгандарды издөө, тазалоо иштери уланып жатат.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Миссисипи жана Алабама штаттарында болгон табигый кырсыктан кеминде 25 киши каза болду. Жүздөгөн жергиликтүү тургун коопсуз жерлерге көчүрүлүп жатат.

Миссисипинин Чукул кырдаалдар башкармалыгы урандыларды тазалаган сайын, набыт болгондордун саны өсүшү ыктымал деп эскертип жатат.

"Он миңдеген турак жай, ишкана, дүкөндөр электр жарыгысыз калды. Айрым шаарчалар дээрлик жер менен жексен болду", - деп айтылат эл аралык басылмаларда.

Жекшембиде АКШ президенти Жо Байден Миссисипи штатында өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин жарыялады.

Американын метеорологдорунун маалыматтарына караганда, катуу шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде саатына 270 чакырымдан ашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11166