Билим берүү министрлиги мектептерде акча талап кылгандарга айып пул салууну сунуштады
RU

Билим берүү министрлиги мектептерде акча талап кылгандарга айып пул салууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министрлиги Эреже бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо.

Коомдук талкууга жарыяланган мыйзам долбооруна ылайык, акысыз билим берүү мекемелеринде окуучулардын кандайдыр бир укуктарын чектегендиги үчүн:

  • жеке жактарга, кызмат адамдарына - 15 миң сом;
  • юридикалык жактарга - 30 миң сом өлчөмүндө айып салынышы мүмкүн.

Бала мектепке чейинки билим берүү уюмдарында электрондук кезек системасына келгенден кийин мектепке чейинки билим берүү уюмуна кабыл алуудан негизсиз баш тартылса жеке жактарга 17,5 миң сом, кызмат адамдарына - 20 миң сом өлчөмүндө айып салынат.

6-7 жашка чейинки мектеп жашына жеткен баланы жалпы билим берүү уюмуна кабыл алуудан негизсиз баш тартууда - жеке жактарга 15 миң, ал эми кызмат адамдарына 20 миң сом айып пул салынат.

"Жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жана мугалимдеринин, анын ичинде мамлекеттик фонддорго жана коммерциялык эмес уюмдарга акча каражаттарын мыйзамсыз жыйноо же окуучуларга жана алардын ата-энелерине (аларды алмаштырган адамдарга) моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү жеке адамдарга, кызмат адамдарына 20 миң сом айып салууга алып келет", - деп айтылат сунуштамада.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11195