Физиевдин атаандашы Жастин Гейджи кыргыз элине колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди
RU

Физиевдин атаандашы Жастин Гейджи кыргыз элине колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Америкалык UFC мушкери Жастин Гэйджи өзүнүн Instagram баракчасына кыргызстандыктарга кайрылып, "Колдооңуз үчүн рахмат" деп жазды.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда кыргызстандык күйөрмандар Кыргызстандын желеги астында беттешүүдөн баш тарткан азербайжандык Рафаэль Физиев менен беттештин алдында мушкерди массалык түрдө колдоп чыгышкан.

Бүгүн Гейджи Физиев менен болгон кармаштын кыскача видеосун жарыялады. Комментарийлерде кыргызстандык колдонуучулар кайрадан мушкерди мактап, колдой сөздөрүн жаза башташкан. Ал жооп катары Кыргызстандын желеги менен "🇰🇬 колдооңуз үчүн рахмат 👊" деп жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11221